Дастан Бекешев Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн бири мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты менен аталганына пикирин билдирди.
"Мага баары аянычтуу, айрыкча 2010-жылдын 7-апрелинде каза тапкандар. Абдан аянычтуу. Курман болгондор эмнеге каршы күрөштү эле? Көчөлөргө Молдомуса Конгантиев, же Курманбек Бакиевдин аты ыйгарылсын деппи? Көчөлөрдүн атын алмаштырган жергиликтүү башкаруу органдары кайсы жери менен ойлонушту?
Мен буга өкмөт көңүл бурушу керек деп ойлойм. Аталыштарды алмаштырууга мараторий жарыяланышы керек жана көчө же башка объекттерге эч убакта ысымы берилбей турган "баатырлардын" кара тизмесин түзүү зарыл. Жергиликтүү башкаруу органдарына борбордук бийликтен эскертүү берилсин, алар бул аракети менен коомчулукту дүрбөтүп жатышат. Буга президенттин мындай кылууга болбойт деген билдирүүсү деле жетиштүү", - деди Бекешев.