КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Башкы прокуратураны жана президенттик аппаратты сотко берет. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.
Ал белгилегендей 21-октябрда Башкы прокуратурага парламенттин мурдагы спикери Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча арыз жолдогон.
Арыз эмне себептен жазылганын Темирлан Султанбеков мындайча түшүндүрүүдө:
"2013-жылы Асылбек Жээнбековдун жетекчилигинин алдындагы парламент ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишимди ратификациялаган. Ошондон улам бийликтин бардык аткаруу бутактарынын кылган иши ушул мыйзамдын негизинде болгон. Алар айыпталуучу болбошу керек анткени Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган документтин негизинде гана иш алып барышты".
Султанбековдун айтымында Башкы прокуратурага анын арызына маани бербеген.
"Мен эртең адвокаттар жана юристтер менен жолугушам. Алар менин Башкы прокуратура менен президенттик аппарат жарандардын кайрылуусу боюнча мыйзамды бузуп жатат деген оюмду туура деп табышса анда Башкы прокуратура менен президенттик аппаратты дароо сотко берем", - дейт ал.