Түркияда кытайлык  ишкер Айэркен Саймаити өлтүрүлгөнүн түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматка караганда кечээ кечинде Стамбулдагы Фатиха районундагы отелдин короосунда белгисиз бирөө Саймаитиге ок аткан. Ал алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

 

Саймаити Райымбек Матраимовдун бизнес өнөктөшү катары “Азаттыктын” Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион доллар жана алтындар тууралуу иликтөөсүндө аталган. Анда белгилүү болгондой  ири суммадагы акча Кыргызстандан которгон Айэркен Саймаити кийинчерээк Түркиядан Матраимовдордун “Исмаил Ата” фондунун эсебине 2 миллион 338 миң 700 доллар которгон.