Бул маалыматты «Азаттыкка» Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева ырастады.

 

Анын маалыматына караганда, окуя бүгүн, 10-ноябрда Кой-Таштагы кызматкерлер жашаган аскер шаарчасында болгон.

 

- Офицер, майор болчу. Бүгүн эртең менен ал өзү жашаган кызматтык үйдөн денесин таптык. Учурда бул ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Андан тышкары биз да өзүбүз иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз, - деди Жарашева.

 

4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болгон. Расмий маалымат боюнча алардын жүрөгү кармап калган.