Ушул тапта 153 айыл Интернет тармагына кошулду.

           

Баткен ублусунун аймагындагы 48 медициналык мекеме интернет байланышы менен камсыз этилди. Калган 76 мекемеге интернет жеткирүү жумуштары абдан кызуу улантылууда.

           

Облус боюнча жалпы мектептердин саны – 235. Булардын арасынан мектептерди санариптештирүү (интернет менен камсыз кылуу) долбоору башталганга чейин интернет тармагына кошулган мектептердин саны  91 эле. Ал эми мектептерди санариптештирүү долбоорунун негизинде калган 143 мектепти  2018-2019-окуу жылы аяктаганга чейин интернет тармагына кошуу пландалган. 143 мектептин ичинен эки мектепке (Баткен районуна караштуу  Зардалы айылынды Н.Сүйүнов атындагы башталгыч мектеби жана Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл өкмөтүндөгү «Кара-Шоро» башталгыч мектеби) интернет байланышын алып барганга техникалык мүмкүнчүлүктөр таптакыр болбой жатат. 2019-жылдын 1- ноябрына карата облус боюнча  138 мектеп интернет байланышы менен толук камсыздалды.

 

Айыл өкмөттөрдү интернет байланышы менен камсызкылуу дагыле улантылууда. Маселен, Баткен районунда 9 айыл өкмөткө, Лейлек районунда 9 айыл өкмөтткө, Кадамжай районунда 13 айылөкөткө интернеттолук жеткирилди. Ошентип, жалпы жонунан 31 айыл өкмөт тең интернет түйүнүнө кошулду.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити