2019-жылы кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына -95 жыл толот!1924- жылдын7- ноябрында - "Эркин Тоо" (азыр - "Кыргыз Туусу") улуттук газетасынын биринчи номери жарыкка чыккан күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы № 527 токтому менен ЖМКнын, полиграфиянын, радионун жана телекөрсөтүүнүн бардык кызматкерлеринин кесиптик майрам күнү болуп аныкталган.

 

Кыргызстанда китеп басып чыгаруунун калыптанышы жана өнүгүүсү ХХ кылымдын 20-жылдарынын ортосунда башталган,ал мезгилде республикадаулуттук жазуунун жана кыргыз тилиндеги биринчи басма сөз органдарын түзүү процессинегизиненаяктаган мезгил эле. Көркөм тексттерди, китептерди кыргыз тилинде басып чыгаруу улуттук китеп басмасы түзүлгөнгө чейин элежүзөгө ашырылган, бирок алар Кыргызстандан тышкаркы жактарда басып чыгарылып келген.

 

1925-жылыПишпек шаарынын басмаканасында 8 аталыштагы китеп басылып чыккан.Ошол эле жылы 30 аталыштагы китепжалпы тиражы 100 миң нускада Москва, Ташкент жана Пишпек шаарларында басып чыгарылган.

 

1926-жылы Кыргыз мамлекеттик басма иштер башкармалыгынын биринчи жыйынында "Кыргызмамбас" ("Киргосиздат") басмаканасы негизделген.Биринчи жылдын ичинде анда 26 аталыштагы китеп жалпы тиражы 66 миңге жакын нускада басылып чыккан.

 

30-жылдары Ата Мекендик китеп басып чыгаруу өз өнүгүүсү кыйла жакшырган, бул китеп басып чыгаруунун өндүрүштүк-техникалык базасынын өркүндөп өсүшү менен шартталган.

 

60-80-жылдары китеп басып чыгаруу ишмердиги негизинен "Кыргызстан", "Мектеп", "Илим", "Адабият"басмаканалары тарабынан жүргүзүлгөн.

 

2018-жылыжалпы тиражы 1 млн.770 миң нускадагыар башка аталыштагы китептер1,5 миң нускада, алардын ичинен 945 миңге жакын нускасыкыргыз тилиндебасылып чыккан.

 

Мындын тышкары, 2018-жылы 38 журнал, анын ичинен 8 кыргыз тилинде, жылдык тиражы 366 миң нускага жакын, анын ичинен 308миң нускасы же 84 пайызы кыргыз тилиндебасып чыгарылган.