Депутат Азизбек Турсунбаев орой жообу үчүн журналист кыздан кечирим сурады.
"Суроо узаткан кызга орой мамиле жасап алганым ыңгайсыздык жаратты. Мен интервью бере турган шартта эмес болчумун. Ооруканага бараткам. Айзирек карындашым кечирип койсун..." - деди депутат.
Эске салсак кечээ Турсунбаев соцтармакты дүрбөлөңгө салган. Ал "kloop.kg" сайтынын журналистинин "Ататүрк паркындагы жерди кандайча алдыңыз эле?" - деген суроосуна жооп бербей, "Иди отсюда!" - деп оройлонгон. Депутаттын тескериленген видеосу соцтармакка чыккандан кийин коомчулуктун нааразычылыгы жаралып, айрым активисттер бүгүн саат 10до Жогорку Кеңешке келип Азизбек Турсунбаевден мандатын тапшырууну талап кылышмай болгон. Ага жеткирбей эл өкүлү элпектигине салып кечирим сурады.