Башында бул кылмышка тиешеси бар делген шектүүлөрдүн катарында текшерилген Алла Пугачева менен Максим Галкин жыйынтыгында кылмыш ишине фигурант катары катталышпады.
Коммерсант басылмасы жазгандай жакынкы күндөрү иш Түштүк аскер сотуна берилген. Беш ай мурда иш прокурорго кайтарылган, андан кийин аны менен республикалык ИИМ эмес аймактык башкармалык алектенген. Бул иш фигуранттардын бири заказчик катары Максим Галкиндин ысымын атагандыктан чуулгандуу болуп кеткен. Тергөө айыпталуучунун айтканына ишенген эмес жана шоуменди күбө катары да чакырбаган. Ошондой эле Алла Пугачева да күбө болбойт.
Эске салсак Киркоровдун концертинде теракт жасоону пландагандар кармалышкан. Алардын бири бул заказдык кылмыш экенин, заказ берген Максим Галкин экенин айткан. Бирок алар муну теракт деп аташпайт. Төрт адам россиялык эстраданын королун өлтүрүүгө гана белсенишкен, Галкин Пугачеваны кызгангандан Киркоровду өлтүрүүгө буйрук бергенин айтышкан кармалгандар.