“Мурас-Ордо” конушундагы мектептин курулушун бүткөрүүгө дагы 150 миллион сом керектелери Бишкек мэриясынын кеңешмесинде белгилүү болду. Коомдук –мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Ренат Айтымбетовдун айтымында 2016-жылы курулушка тендер жарыяланып, анда 111 миллион сом талап кылынаары көрсөтүлгөн, ал эми 2018-жылдын октябрь айында 24 миллион сомго кошумча келишим түзүлгөн.

 

 Ал белгилегендей учурда 119 миллион сом каржыланган. Подрядчиктин бюджет алдындагы карызы 7,5 миллион сом. Бардык инстанцияларга кайрылып өндүрүү маселесинин үстүндө иш алып барылып жатат.

 

 

 Азиз Суракматов долбоордун наркы эмнеге кымбаттаганын сурады. Айтымбетовдун айтымында алгач бир кабаттуу мектеп куруу пландалган, анын аянты 5,6 миң чарчы метр болмок. Бирок аймак даярдалгандан кийин подрядчик аянтты чоңойтууну сунуштаган. Алдыңкы кабатта устачылык жана окуу класстары жайгашкан, ашкана менен спортзал да чоңойтулмак. Мунун каркасы учурда курулду, жалпысынан аянт 3 миң чарчы метрге жетти.

 

 Бирок Суракматов буга макул болбоду. Ал башында кандай болсо ошол долбоорду гана кармоону туура деп эсептеп, болбосо Кулматовдун таз кейпин кийип калуу да мүмкүндүгүн эске салды.

 

“150 миллион сом үчүн башым менен жооп беришим керекпи? Силер азыр 111 миллионго кура бергиле, а 3 миң чарчы метр аянтты кийин курганыбыз жакшы. Тендер боюнча эмне болсо ошону куруш керек улам –улам кошуп отурбай. “Калыс-Ордодогу” мектеп аздык кылдыбы? Минтип тобокелчиликке барбагыла!” – деди мэр.

 

Эске салсак мурдагы мэр Кулматов “Калыс-Ордо” конушундагы мектепти курууда 2 миллион доллар – грант каражатын мыйзамсыз колдонгону үчүн темир тор артында отурат.