Ирина Карамушкина кечээ мурдагы президент Атамбаевге УКМКнын абагына барып жолугуп кайтты. Аны менен кошо депутаттар Асель Кодуранова, Альфия Самигуллина да барышкан. 

 

"Эркек депутаттар барып, колдоп коюудан коркушат, ошолордун көбү Атамбаевдин колдоосу менен гана жогоруласа дагы. Атамбаев классика окууну улантып жатат, анын арасында орусча да бар, спортзалга барып жатыптыр. Эми гана 63 жашта эркек формада болушу керектигин, бели бекем болушу керектигин түшүнүптүр. Ал анысы менен денесин жана сөөгүн гана бекемдебестен мүнөзүнүн сабырдуулугуна да таасирин тийгизиптир", - деп жазды Карамушкина соцтармакка. 

 

 Айтымында Атамбаев СИЗО-1ге камалган балдарга санааркап эгер айыбы далилденсе башка балдарды бошотуп туруп өзү отурууга даярдыгын билдирген. 

 

"Алардын күнөөсү эмнеде? Алар экс-президентти ага карата мыйзамсыздыктан коргошту, 8-августта көпчүлүк Кой-Ташка бийликтин кылмыштуу аракетине каршы туруу үчүн барышты... Болду... ушул үчүн алар жоопкерчиликке тартылышы керекпи?

 

Кырдаалды түшүнүп, колдоо көрсөткөндөргө жана "апрелчилердин" үй-бүлөсүнө ал жолугушуунун аягында бата берди! Ал биздин алдыбызда ар бир үй-бүлөгө Кудайдан бакыбаттуулук, ден соолук жана ийгилик тиледи. Бийликке акыйкат келип өлкөбүздү биргеликте коргоп калышыбыз керектигин, элди жана өлкөнү прогрессивдүү келечекке алып барышыбыз зарылдыгын айтты! Ал баарын кучактап, ыраазычылыгын билдирээрин айтты.

 

Акыр аягында Жээнбековду кечирүүгө даяр экенин билдирди... мен айттым: "Мен эбак кеткем!" - деди Карамушкина.