Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт жана конвои департаметинин   аскер кызматкери иш учурунда каза болгонун аталган кызматтан билдиришти. 

 

 Маалыматка караганда окуя 4-ноябрда болгон.   №3 түзөтүү жайындагы 4-батальондун  Р.Б. аттуу катардагы аскер кызматкери электр тогуна урунган.  Дарыгерлер ага убагында медициналык жардам көрсөтүшкөнү менен ажалга арача боло алышпаган.  Р.Б. 22 жашта болчу жана ал өткөн жылы аскерге чакырылган. Кичи мекени - Жалал-Абад облусу. 

 

Бул  боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.