Сейит Атамбаевге таандык "Автомаш-Энерго" компаниянын офисин текшерүүгө Аскер прокуратурасынын кызматкерлери автоунааларына жасалма номер чаптап барышканын "Апрель" телеканалы айтып чыкты.
Анда айтылгандай тергөөчүлөр Audi A-6 автоунаасында келишкен. Бирок Carcheck сервисинен текшергенде автоунаадагы «S 0500 J» мамлекеттик номер Mercedes-benz 320 үлгүсүндөгү унаага таандык болуп чыккан.
Тергөөчүлөр айдаган экинчи автоунаа - Lexus RX 300дө мамлекеттик расмий номер кадалган, а бирок иликтей келгенде бул автоунаанын ээси 8 миң сом айыппулду төлөбөгөнү белгилүү болгон.