Бишкек мэриясы муниципалдык мүлктөрдү базар баасында ижарага берет. Бул тууралуу мэриянын жыйынында белгилүү болду. 

 

 Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев учурда муниципалдык мүлктөрдүн ижара акысы базар баасына туура келбей турганын билдирди. Бирок алардан шаардын бюджетине каражат түшүп турат. 

 

 Айтымында 2013-жылы 30 миллион сом ижара акысы түшкөн, 2016-жылы 35 миллион, 2017-жылы 50 миллион, 2018-жылы 86 миллион сом которулган. Ал эми бул эылы 77 миллион сом чогултулду. 

 

Ошондон улам муниципалдык мүлктөрдү ижарага берүүнүн жаңы эрежеси иштелип чыгууда. Тынаев белгилегендей эгер төлөм тартиби, жогорулатуу мыйзам менен бекемделсе анда бул көрсөткүчтөр өсөт. Аны менен ижара акыларын базар баасына жеткирүү мүмкүн. 

 

Мэр Азиз Суракматовдун айтымында аталган башкармалыктын эсебинде ижара төлөнбөгөн бир катар объекттер бар. 

 

"Муниципалдык мүлктөр башкармалыгынын мурдагы башчысы, учурдагы вице-мэр Азизбек Алымкулов күн сайын чыгып, ушундай ижара акы төлөбөгөн объекттерди издечү. Анын натыйжасынан төлөмдөр 30 миллион сомго көбөйгөн", - деди Суракматов.