Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы эки жаштагы кыздын өлүмү боюнча тергөө аяктоодо. Аталган облустун ИИБинин маалыматына караганда иш ноябрь айында сотко өткөрүлөт. 

 

Анда белгиленгендей негизги шектүү катары кыздын таенеси эсептелинүүдө. Тергөөнүн кызыкчылыгынан улам таенеге айып тагылдыбы, же жокпу ачыкка чыгарылбайт. Аял учура Сузакта. Райондон чыгууга тыюу салынган, документтери алынып коюлган. 

 

Ал эми иштин беренеси "Адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүүгө" алмаштырылган. 

 

 Эске салсак эки жаштагы кыздын энеси аны өгөй апасына таштап Москвага иштегени кеткен. Кыз оор абалда ооруканага жеткирилип эсине келбей каза тапкан. Анын денесинен көк ала тактар табылган. Бирок кыздын энеси арыз жазган эмес. Анын дагы бир баласы бар жана ал дагы таенеси менен жашайт.