Садыр Жапаровдун тарапташтары аны бошотуу үчүн кол топтоону улантышууда. Жарандык активист Мелис Аспековдун айтымында азыр 300 миң адамдын колу топтолду. 

 

"Кол топтоо ишти өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп жатат. Бардык жерде штабдар ачылган. Кол топтолгондон кийин президентке жеткиребиз. Биздин оюубузча Садыр Жапаровду колдогондордун саны миллиондон кем болбойт", - дейт Аспеков. 

 

Эске салсак Садыр Жапаров 11,6 жылга кесилген. Ал Каракол шаарында 2013-жылы болгон массалык башаламандыкты уюштурган деп айыпталган.