2018-жылдын ноябрь айында адвокат Элмира Чоноеванын адвокаттык лицензиясы эки жылга токтотулган. Мындай чечим адвокаттар Кеңешинин этика боюнча комиссиясы кабыл алган. Чоноева бул боюнча сотко кайрылган.

 

 Эске салсак мамлекеттик адвокат Чоноева Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кызыкчылыгын коргоо үчүн сот тарабынан дайындалган. Бирок айыпталуучулар мамлекеттик адвокатка таңкыс эместигин, мамлекет дайындаган жактоочунун калыстыгына ишенбей тургандыктарын бир нече ирет билдиришкен.

 

 Текебаев териштирүү учурунда Элмира Чоноеванын мамлекеттин эсебинен каржыланчу  юристтер реестринде жоктугу аныкталганын айтат. Демек ал саясатчыларды коргоого алууга укуктуу болгон эмес. Ошондой эле адвокат Биринчи май райондук сотунда 2006-жылдан 2018-жылга чейин өзүнчө кабинетке ээлик кылып турган, бул да эреже бузууга жатат. Текебаев аларды коргогону үчүн бул адвокатка ким айлык төлөп бергени да табышмак экенин белгилейт. Чоноева сот аны милдеттендиргендиктен 2017-жылы процесске келгенин айтканы менен анын келгенине ким төлөп бергенин айткан эмес.

 

 Чоноева өзү адвокаттар Кеңешинин этика боюнча комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн сотто: “Мен солдаттай болуп эмне буйрук болсо ошону аткардым”, - деди.