Ленин райондук соту экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун абактагы мөөнөтү дагы узартылды. Адвокат Сергей Слесаревдин айтымына караганда абакта кармоо 6-январга чейин узартылган.
“Экөө тең сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартышты. Анткени алар өздөрү жасабаган нерсе үчүн актануунун кереги жок деп табышты. Алар өздөрүнө козголгон иш жасалма деп эсептешет”, - деди адвокат.
Эске салсак экс-мэрлер коррупция боюнча айыпталып жатышат.