Чүй облусунун Калыгул айылындагы Т. Оңолбаев атындагы мектептин окуучулары учурда ФАПтын имаратында билим алып жатышат. Анткени аталган мектептин имаратынын бир корпусу 1929-жылы курулгандыктан эчак эле жараксыз абалга кептелген. Ошондуктан башка ылайыктуу имарат болбогондуктан окуучуларды фельдшердик-акушердик пунктка көчүрүшкөн.
Бул оорукананын ичиндеги мектепке билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков барып акыбал менен таанышып кайтканын аталган министрликтен билдиришти.
Министр учурда мектептин жаңы имаратын куруу үчүн эл аралык фонд менен каражат маселеси сүйлөшүлүп жатканын белгиледи.
Маалыматка караганда Кыргызстанда 244 мектеп авариялык акыбалда. Анын көпчүлүгүндө окуучулар билим алуусун улантууда.