Кыргызстандын Эмгек сиңирген куруучусу Асан ДАвлетов Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш чарада борбор калаанын аталышын алмаштырууну сунуштады. 

 

Ал алгач иш чара чакан залда өтүп жатканына нааразы болду. 

 

"Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы эмнеге чакан залда өтүп жатат? Мындай иш чара Кыргызстандын жарымын чогултушу керек эле. Өкмөттөн ким келди? Эч ким. Мындай адамдын юбилейи эмнеге мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн жок. Кайсы бир көчөнү Усубалиев деп аташтын кереги жок, анын аты менен борбор калааны аташ керек", - деди Давлетов. 

 

 Ал Казакстандын борбор калаасынын аталышы туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атына өзгөртүлгөнүн мисал келтирди.