КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Икрамжан Илмиянов тууралуу агынан жарылды. Анын Фейсбукка жазганына караганда мурдагы президент Атамбаевдин Илмиянов көздөй кишиси болгон. Атамбаев ага абдан ишенген жана анын дарегине карата айтылган эч бир дооматтарды жакындатпай, катуу коргогон.
"Бир жолу Атамбаев экөөбүз Илмиянов боюнча сүйлөшүп отурганыбызда аны айтышып, муну айтышып Икрамдын үстүнөн арызданышат деген. Бир убакта "фактыларды бергиле, мен аны каматам!" - деп да жиберген. Бирок ага абдан ишенчү жана бардык нерседен коргочу. Мен Илмияновдун үстүнөн арыздангандарга ал тууралуу фактыларды, далилдерди бергиле десем ишенишпей баштарын чайкап, жылмайып кутулушкан. Алар коркушкан. Акыр аягында Илмиянов тагдырдан жазасын алды", - деп жазды Карамушкина.
Ошондой эле ал Илмиянов менен Атамбаевдин мамилеси Жээнбеков менен Матраимовдо да кайталанып жатканын белгилеп: "Ар бир президенттин скелети шкафта катылуу" деген.