Ленин райондук сотунда бүгүн, 4-октябрда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго карата ачылган кылмыш ишинин негизинде сот болууда.
Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушундагы коррупция боюнча айыпталып жатат. Ал бүгүн суракка алынды. Бирок ал көрсөтмө берүүдөн баш тартып, сөз гана сүйлөдү.
"Мага тагылган айыптардын баары - абсурд. Бул жерде эмне болуп жатканын залда отургандардын баары түшүнүп турат. кылмыш сот өндүрүшүндө укукту сактоо принциби болууга тийиш, адамдын укугу жана эркиндиги эң жогорку баалуулук болуп саналат. Соттор, прокуратура, тергөө Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого тийиш. Кылмыш сот өндүрүшүндө мындай принциптер ар-намыс, жеке сапатка тийишпөө, адамдын укугу менен эркиндигин коргоо сыяктуулар кагазда гана калууда. Биздин иш буга далил. Бизди камашса да жандүйнөбүздө эркин бойдон калабыз", - деди Кулматов.