Токмок шаарынын ИИБинин кызматкерлери Кемин районунун тургунун сабап салышкан. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда 28 жаштагы жаран милицияга арыз жазган. Анда ал автоунаа токтоотучу жайда белгисиз бирөөлөр сабап кеткенин айткан.
Факт жоруктардын жана кылмыштардын Бирдиктүү реестрине "Бейбаштык" беренеси боюнча катталган. Шектүүлөр Токмок ИИБинин кызматкерлери У. А. жана С. Э. болуп чыккан. Бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы жана иш сотко чейинки өндүрүшкө даярдалып жатканы белгилүү болду.