Сокулук районунун Гүлмира аттуу тургуну Ош облусунан келген жаш балалуу эки аялды кулчулукта кармап жатканы буга дейре айтылган. Аялдын айтымында андагы айтылгандар ойдон чыгарылгандар.
"Маалымдоо каражаттарында мен тууралуу жазылгандан кийин өзүн адвокат деп эсептеген Улан Кудайбергенов мага телефон чалып, ишти жабыш үчүн деп акча сурады. Аны менен жолугуштум, 8 миң доллар сурады, а мен берүүдөн баш тарттым. Эч нерсе кылбасак, ак болсом эмнеге берем? Мен эч кимди кулчулукта кармабагам, чындыгында ал аялга жардам бергем. Балдары менен көчөдө калганда үйүмдө бекер жашаткам. А бирок кийин мага жугунду куюп кетти", - деди Сокулуктун тургуну.
Айтымында ал эми чынжырга байланган аял курбусунун бир тууган сиңдиси. Аны да курбусунун өтүнүчү менен караган. Анткени сиңдиси үйүнөн качып, акыл эси бир аз жайында болбогондуктан көрүнгөн жерге барып, ар ким аны зордуктаганга чейин жеткен. Ошондуктан качып кетпесин деп чынжырга байлаганга туура келген.

Адвокат болсо аялдан акча талап кылганын уланткан. Ошондуктан Гулмира бул тууралуу УКМКга билдирип, алар милицияга өткөрүшкөн. Ал эми өткөн жумада Кудайбергенов 100 миң сом алып жатканда колго түшкөн.