Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери канча насыя жана грант алганы депутат Рыскелди Момбековго кызыктуу болду. Ал бул тууралуу Транспорт жол министрлигинин өкүлдөрүнөн сурады. 

 

Министр  Жанат Бейшеновдун айтымында  1996-жылдан бери 2 миллиард 148 миллион доллар  насыя, 212 миллион доллар грант алынган. 

 

 Мындан улам Момбеков Кыргызстан эгемендүүлүгүнөн бери жолдорду курууга жана оңдоого 3 миллиарл 750 миллион доллар алганын, анын 3 миллиарды насыя, ал эми 700 миллиону грант болгонун белгилеп, ошондо Кыргызстанда 1 чакырым жолдун баасы орто эсеп менен канча болоорун сурады. 

 

Бирок министрликтен жарытылуу жооп ала албагандыктан депутат өзү эсептеди. Айтымында Кытайда бир чакырым жол 900 доллар турат, а бизде орто эсеп менен 1,5 миллион доллар!