Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын жана чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда Кыргызстандан барган делегацияны УКМКнын төрагасы Оорозбек Опумбаев, ал эми Тажикстандыкын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов жетектеген. 

 

 Жолугушуунун негизги темасы эки өлкөнүн чек ара тилкесиндеги райондорундагы коопсуздукту камсыздоо болду. Ошондой эле терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө мекемелер аралык кызматташуунун натыйжасын жогорулатуу  талкууланды. 

 

Тараптар эки өлкөнүн чек арасындагы коопсуздук үчүн кызматташтыкты күчөтүү зарылчылдыгына макул болушту жана эл аралык террористтик уюмдар жана диний-экстремисттик уюмдар менен күрөшүүгө биргеликте чара көрмөй болушту. 

 

Стороны пришли к согласию о необходимости укрепления сотрудничества в обеспечении безопасности на границе двух стран и совместной борьбе с подрывной деятельностью религиозно-экстремистских и международных террористических организаций.