Россиянын Киров аймагында алты жаштагы кыз бир күндө эки жол кырсыгына туш болуп, экөөндө тең аман калды. РИА Новости жазгандай кыз үй-бүлөсү менен бараткан автоунаа КамАЗ менен кагылышкан. Бул ишембиде саат 09.00 чамасында болгон. Айдоочу менен жүргүнчү аял каза таап, алардын алты жаштагы кызы жаракат алган. Тез жардам кызды ооруканага алып жөнөгөн. 

 

Бирок саат 11лер чамасында Дзерпжинский көчөсүндө жарадар болгон кызды алып бараткан Тез жардам жол кырсыгына кабылган. Тилекке жараша мындан эч ким жабыркаган эмес. Кыз ооруканага жеткирилген.