Кой--Таш айылындагы 7-8-августта болгон окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусуна бир катар мүчөлөрү каршы чыгышкан, алардын бири Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова. 

 

Клара Сооронкулова эмнеге комиссиянын корутундусун жактырбаганын мындайча түшүндүрдү: 

 

"Комиссиянын тыянагы абдан чачкынды, корутундусунда конкреттүү эч нерсе жок. Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияны бүлгүнгө учураткан ИИМ менен УКМКнын башчыларынын жоопкерчилиги жазылган эмес. Ошондуктан мен каршы добуш бердим. Корутундуда хронология эле тиркелген андан башка укуктук баа берилген эмес".