Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө айыпталган кишиге өкүм чыкты.
Анда айтылгандай маркум менен киши тааныш болушкан. Алкоголдук ичимдиктерди ичишкенден кийин кызды бир нече жолу зордуктаган, андан кийин Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген.
Соттук иликтөө учурунда айыпталуучу айыбын моюнуна алган эмес. Айтымында окуя болгон күнү паркта иштеп жаткан. Маркум бетон тактайында уктаган, ойгонгондо кишиге көйгөйлөрү тууралуу айтып берген. Ага чейин кыз менен тааныш болгон жана бир нече жолу экөө чогуу ичишкен. Алкоголь ичишкенден кийин каналга сууга түшүшкөн, бирок айыпталуучу кыздын кайсы учурда чөгүп кеткенин байкабай калган.