Сооронбай Жээнбеков реформатор болобу, же реформатор эмеспи бардык аткаминерлер бирдей иштеши керек деген принципти карманат. Бул тууралуу ал бүгүн Кыргызстандын ММКларынын редакторлору менен жолугушууда билдирди. 

 

"Кимиси реформатор, кимиси реформатор эмес айта албайм. Бир гана нерсени айтам - баары иштеши керек. Дастан Догоев, ТИМ иштеп жатат. Өкмөт иштеп жатат, аппарат да иштөөдө. Баары бирдей иштеши керек", - деди президент. 

 

Ал иштеп жаткан бийлик бутактарынын артында өзү турушу керектигин белгилеп, иштеген иштердин жыйынтыгын келечекте көрөөрүбүздү убада кылды.