Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуя тууралуу президент Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда ММКлардын редакторлору менен жолугушууда пикирин билдирди. 

 

Суроо берген журналист  атайын операциянын жетекчилигинин шалаакылыгынан улам "Альфанын" командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза тапканын белгиледи. Ошондой эле курал-жарактар жоголуп, УКМКнын, ИИМдин кызматкерлери ар кандай жараат алганын айтты. Алар менен катар карапайым жарандар да жабыркаганын билдирди. Мындай шалаакылыкка барган жооптуу тарап кандай жоопкерчилик тартаарын президенттен сурады. 

 

Өлкө башчысы эгер азыр бул окуяда ким күнөөлүү экени тууралуу пикирин айтса коомчулук аны тергөөгө кийлигишип жатканындай кабыл алаарын белгиледи. 

 

"Бул окуя боюнча мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Тергөө жүрүүдө. Комиссиянын ишинин аякташын күтө туралы. Корутундусун парламентке чыгарат. Депутаттар анын ишинин жыйынтыгы менен таанышат. Ар кандай суроолор жаралса мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү жооп беришет", - деди президент. 

 

 Ошондой эле ал 7-8-августта Кой-Ташта эмнелер болгонун билээрин, бирок ал тууралуу бир беткей пикир билдириши туура эмес болоорун айтты. Пикир тергөө органдарына же мамлекеттик комиссиянын ишине басым катары бааланып калбашы үчүн унчукпай кое турууну чечкенин белгиледи.