Бүгүн, 2-ноябрда "Ала Арча" резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын редакторлору менен жолугат.
Өткөн жылы да президент редакторлор менен жолугуп ар кандай суроолоруна жооп берген.
Президенттик администрация уюштурган иш чарага бардык ММКлардын редакторлору чакырылган эмес. Чакырылбай калган ММКлардын жетекчилери нааразычылыктарын билдиришип, оппозициялык маанайдагы басылмалар бөлүнүп калганын айтышкан.