Мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев жатак-колониясына чыкты. Бул тууралуу ЖАМКдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда өкмөт аппаратынын эл аралык иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысын жатак-колонияга чыгаруу маселесин бир катар мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүнөн куралган атайын комиссия чечкен. Учурда Муралиев үйүндө, ЖАМК кызматкерлеринин кайтаруусунда жана жумушка орноштуруу даярдыгы жүрүүдө. 

 

Эске салсак Муралиев 2014-жылы кармалган. Ага мамлекеттик сырды кызматынан пайдалануу менен эл аралык уюмдарга берген деген айып тагылган. Сот аны 22 жылга эркинен ажыраткан. Андан кийин шаардык сот жаза мөөнөтүн азайтып 15 жыл берсе, Жогорку сот 10 жылды калтырган.