"Менин милициям мени коргойт» деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу — эң башкы милдет", — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.
"Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары! Урматтуу ардагерлер!
Сиздерди Кыргыз милициясынын 95 жылдык юбилейи менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Кыргыз жергесинде биринчи жолу, 1924-жылдын 1-ноябрында — облустук милициянын башкармалыгы түзүлгөн.
Ушул күндөн тартып Кыргыз милициясы үзүрлүү жана даңктуу жолду басып өттү.
Алгачкы жылдары, совет бийлигин орнотууда, терроризм менен күрөшүүдө милиция чоң роль ойноду.
Биздин милициябыз Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында оор сыноолорду башынан өткөрдү.
Фронтко кыргыз милициясынын жеке курамынын дээрлик үчтөн бир бөлүгү кеткен, алардын көпчүлүгү согуштан кайтпай калышты.
1,5 миңге жакын милиционер фронтто жана оорукта душмандарга каршы күрөшүп, мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон.
Согуш жылдары кыргыз милициясы мамлекеттик жана коомдук менчикти натыйжалуу коргогон.
Согуштан кийинки, криминогендик кырдаал кыйла татаал болгон жылдары да милиция көп сандаган каармандыкты жаратты.
Ал кыйынчылыктар ардагерлерибиздин эсинде.
Ушул татаал жылдарда кыргыз милициясынын катарында фронтовиктер, Советтер Союзунун Баатырлары Калыйнур Үсөнбеков, Иван Немцев, Пётр Сидоров кызмат өтөгөн.
Алардын басып өткөн жолу азыркы муунга бийик үлгү болуп, абийирдүүлүккө жана эрдикке шыктандырып турат.
Бүгүн Кыргыз милициясынын калыптанышына зор салымын кошкон ардагерлердин ысымдарын терең урматтоо менен эскеребиз.
Милициянын даңктуу тарыхында Эргеш Алиев, Афанасий Пчёлкин, Николай Москов, Жапар Шабиров, Владимир Ушаков сындуу атактуу инсандардын аты алтын тамгалар менен жазылып калды.
Кийин, 90-жылдардын башында, Советтер Союзунун тарашы менен көптөгөн мамлекеттик институттар алсырай түшкөн.
Республикада уюшкан кылмыштуулук жанданган.
Адам уурдоо, барымтага алуу, буйрутма адам өлтүрүү, наркобизнес, курал менен мыйзамсыз соода кылуу көбөйгөн.
Рейдерлик, менчикти тартып алуу, ишкерлерди тоноо сыяктуу — бизнеске кедергисин тийгизген кылмыштар күч алган.
Ушул оор мезгилде ички иштер органдары мурдагыдай эле күжүрмөн жөндөмүн жоготкон жок. Мыйзамдуулукту орнотуу, коомдук тартипти коргоо үчүн, уюшкан кылмыштуулукка жана бандитизмге каршы чечкиндүү күрөш жүргүздү.
Укук коргоо органдарынын ошол кездеги натыйжалуу аракети менен өлкөнүн коопсуз өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлгөн.
Улуулардын даңктуу жолун улап, өз милдетин намыс менен аткарган, милициянын сыймыгы болгон, чыныгы профессионалдар өсүп чыкты.
Эгемендүүлүк жылдарында, кылмышкерлер менен болгон кармашта ички иштер органдарынын 170 кызматкери курман болду.
Алардын ичинде:
милициянын полковниги СУЛТАНОВ Адилбек,
милициянын капитандары ИСМАИЛОВ Төлөбек жана СЫДЫГАЛИЕВ Бакай,
милициянын улук лейтенанты ТУЙТУНОВ Муратбек,
милициянын старшиналары САРЫБАЕВ Улан, ЖУМАКАДЫРОВ Өмүрбек
жана КАРАБАЛАЕВ Замирбек бар.
Курман болгон милиция кызматкерлеринин баардыгы — биздин замандын баатырлары, элибиздин азыркы турмушу жана келечеги үчүн өз өмүрлөрүн беришкен каармандар.
Алар коомубуздун жана мамлекетибиздин коопсуздугун сактап, темирдей бекем эркти жана нукура эрдикти көрсөтүштү.
Жалпы журтубуз жана ушул жерде олтурган кесиптештери, ар бирибиз — алардын кыргыз элине сиңирген эмгегин ыраазылык менен белгилейбиз жана жаркын элестерин жүрөгүбүздө сактайбыз".