Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Курманкулов Самат Ажыгулович коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланды.

 

Эске салсак Самат Курманкулов  мурдагы президент Атамбаевди кармоо операциясы учурунда оор жараат алган. Ага эки ирет операция жасалып бирок акыбалы жакшырган эмес. Мындан улам Москвадагы ооруканага которулган. Анын дарылануучусуна кеткен чыгымын мамлекет өз моюнуна алган.