Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеӊеште көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук-саясый ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маарекесине арналган илимий-тажрыйбалык конференция өтүп жатат.
Жогорку Кеӊештин депутаты Мурадыл Мадеминов өлкө президентинин жарлыгы менен Жогорку Кеӊештин токтомунун негизинде мамлекеттик жана коомдук-саясый ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маарекеси мамлекеттик деӊгээлде өткөрүлүп, жалпы кыргыз эли ызаат көрсөтүп жатканын айтты.
Эл өкүлү улуу инсандын өмүр-жолун изилдөө бүгүнкүдөй иш-чара менен эле токтоп калбашы керектигин, тарыхчы-окумуштуулардын иликтөө объектисине айланышы зарылдыгын баса белгиледи. «Биз – бүгүнкү муун, А.Орозбеков, Ж.Абдырахманов, Б.Исакеев, И.Арабаев, К.Тыныстанов жана башка мамлекеттүүлүктү түптөөчүлөргө таазим кылышыбыз керек»,- дейт ал.
Ал эми депутат Закир Шарапов Абдыкадыр Орозбеков өмүрүн өз элинин жаркын келечегине үчүн арнагандыгына басым жасап, бүгүнкү муундун астында мамлекеттүүлүктү түптөгөндөр калтырып кеткен өлкөнү көздүн карегиндей сактап, өнүктүрүү милдети тургандыгын билдирди.