Араб өнүктүрүү фонду тарабынан Кыргызстанга мектептерди курууга 30 миллион доллар бөлүнгөнү бүгүн "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында белгилүү болду. 

 

Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Нурбек Абдиевдин айтымына караганда 30 миллион доллар Бишкек шаарында жана Сокулук районунда мектептерди курууга багытталат. 

 

 Депутаттардын өлкөдө канча мектеп жана бала бакча курулуп бүтпөй калганы тууралуу суроосуна Абдиев 261 социалдык объекттин курулушу токтоп турганын билдирди. Айтымында 2000-жылдын башынан тартып 403 объект узак убакыт курулушка өткөрүлгөн, анткени аларды куруп бүткөрүүгө каражат табылган эмес. 

 

Анда маалым болгондой Кыргызстандагы авариялык акыбалдагы мектептерди оңдоого эле 70 миллион доллар керектелет.