Баткен облусунда 2001-жылы башталган оорукананын курулушу азыркы күндө да аягына чыга элек. Ушул жылы курулушту бүткөрүү пландалган.
Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин өкүлдөрү "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдиришти.
Депутат Наталья Никитенко объект бузула элек жатып курулуш кантип ушул жылы бүткөрүлөт деген суроо узатты эле ага Мамкурулуштун өкүлдөрү жооп бере алышпады.
Депутат курулушка акча керектигин, ал эми бизде каражат жетишсиздигин белгиледи. Бирок кандай болгон учурда да оорукананын курулушун тездетүү керектигин белгиледи:
"Бизде курулуштардын системасы жок. Ошондуктан он жылдап бүтпөгөн курулуштар бар. Каражатты кантип колдоносуңар? Акча жетпей жатканын түшүнөм, бирок конкреттүү план болушу керек да, кайсы объект биринчи кезекте курулуп бүтүшү керектиги белгилениши шарт эмеспи. Бул кайсы бир популисттик билдирүүнүн деңгээлинде болбошу керек. Бул миграция, төрөлүү, мектеп жана бала бакчалардын толуп калышы сыяктуу таасирлердин эсебиндеги стратегия болушу зарыл".