Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички Аскерлерин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы болуп кайрадан түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Белгилүү болгондой, 2014-жылы аскердик реформанын алкагында Ички Аскерлер Ички иштер министрлигинин карамагынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тутумундагы Улуттук гвардиянын курамына киргизилген. Турмуш көрсөткөндөй, Ички Аскерлердин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамында болуусу алардын өлкөнүн ички коопсуздугун камсыздоо боюнча күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларын аткарууда мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгон.
Буга байланыштуу, коомдук тартипти, коомдун жана жеке инсандын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик тутумун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы №183 сандуу Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясына мурда берилген штаттын, документтердин, имараттардын, курулуштардын, материалдык-техникалык каражаттардын жана башка мүлктөрдүн эсебинен Ички иштер министрлигинин Ички Аскерлерин түзүү сунушталган. Ошондой эле, жүрүп жаткан ички иштер органдарын реформалоонун жана алардын ишмердүүлүгүнүн өркүндөтүүнүн алкагында Ички Аскерлерди ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы кылып түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.