Жарандардын электрондук кайрылууларынын «Kattar.kg» порталындагы «Жетекчилердин тизмеси» рубрикасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри катары көрсөтүп койгон катага байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарындагы билдирүүлөргө тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет:

 

Жарандардын электрондук кайрылууларынын «Kattar.kg» порталына буга чейин DDoS-чабуул жасалып, анын кесепетинен «Жетекчилердин тизмеси» рубрикасынын мазмуну атайылап өзгөртүлгөн. Учурда бардык каталар оңдолду.

 

Белгилей кетсек, жарандардын электрондук кайрылууларынын «Kattar.kg» порталы тесттик режимде иштейт.