Жашоодо ар бир балага ата-эне аркылуу жан дүйнөнүн тазалыгы, аруулугу өтөт. Бул табигаттын өзгөртүүгө болбогон мыйзам ченемдүү көрүнүшү экенин тана албайбыз. Болгону аны туура багытта колдонуп, жашоосун бир калыпка салуу баланын өзүнөн көз каранды. Анын сыңары, биздин каарман ата-энесинен алган тарбияны жашоосунда татыктуу колдонуп, туура жолду тандап алгандыгы менен сыймыктанат. Бир топ жылдан бери бизнес жаатында алектенип көптөгөн ийгиликтерге жетишип, алдыңкы ишкер айымдардын катарын толуктаган, Талас облусунун ардактуу атуулу, Кара-Буура районунун ардактуу атуулу, 1-Май райондук администрациясынын Ардак баракчасынын ээси Умсун Умаровна эжекебиз менен кызыктуу маек курдук.

 

-Умсун Умаровна, сөздү ишкерликке таштаган кадамыңыздан баштасак.

 

-Алгач ишкерликке чейинки эмгек жолум тууралуу айтсам, кесибим боюнча педагогмун. 1972-жылы Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунун чет тили факультетине тапшырып, 1977-жылы аяктагам. Эмгек жолумду Талас облусунун Кара-Буура районундагы Грозный (азыркы Аманбаев) айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектебинде чет тили мугалими болуу менен баштагам.1981-жылы Шекер колхозу уюштурулуп, жолдошум Рысбек ал колхозго башкы ветврач болуп которулгандыктанмен да Шекер орто мектебинде 1984-жылга чейин иштедим. Кийин жакшы иштегендигим үчүн Кара-Буура районунун Кара-Буура орто мектебине директор кылып шайлашты. 1984-1991-жылдары Кара-Буура орто мектебинде, 1991-1997-жылдары Үч-Булак орто мектебинде директор болуп эмгектендим. Жалпысынан менин педагогдук кесибим жакшы көз ирмемдер менен эсимде калды. Ал эми ишкерликке болгон кадамым1993-жылдан башталган. Себеби ал жылдары Кыргызстанда элдин башына кыйынчылык заман келип, мугалимдик кесип менен биргежеке ишкерликти кантип алып кетсем деп ойлонуп жүрдүм. Жолдошума кеңешип:“Заман өзгөрүлүп жатат, башка тармакта иш баштасамбы?” - деген оюмду билдирдим. Башында каршы болуп, кийинколдоду.Анткени замандын агымын өзү да көрүп, кандай болорун сезип турган. Ошентип,мугалимдердин 2 айлык жайкы эс алуусунан пайдаланып бизнеске акырындан аралашып көрүүнү чечтим.Чынында, майда-чүйдө кандай гана жумуш кылбайын,колумдан баары келип жатты. Эмнегедир жумушум алдыга жүрүп, бизнести жөндөп кете аларымды байкадым. Убакыттын өтүшү менен бизнеске болгон кызыгуум, көз карашым өзгөрдү. Бирок дароо сүңгүп кирген жокмун. Жайкы эс алуу бүткөн соң кайрадан мектептеги жумушумду уланттым. 1996-жылыулуу балам Мирлан юридикалык факультетте 1-курста окучу. Кышкыянварь айындагы эс алуу учурунда: “Ата-апа, мен ушул убакыттан пайдаланып Красноярск шаарына барып чакан бизнес кылып келсемби?” -  деп калды. Атасы каршы болуп: “Жок, окуусун эле бүтсүн, жакшы аяктаса кесиби менен иштейт”, - деди. Анын үстүнө ал кезде эл бизнес кылмак тургай, бизнес тууралуу эч кимдин оюна дагы келчү эмес. “Балаң баргысы келип жатса, жөнөтүп көрөлү” деп ортого түшүп,13 миң сом акча бердик. Ал учурда доллардын курсу да төмөн болчу. Өзүм кошо барып товар алышып Красноярскиге узаттым. Балам 24 күн дегенде Кыргызстанга жакшы кабар менен келип: “Апа,иштегенге ыңгайлуу жакшы шаар экен. Иштесе болот. Сиздин да колуңуздан келет. Барып иштеңиз”, - деди. Мына ошондон кийин терең ойлонуп, биротоло директорлукту таштап бизнеске өтүүнү чечтим.Башында жактырган кесибимди дароо таштап кетүү да оңойго турган жок. Бирок замандын оош-кыйыш агымы буга жол бербеди. Анда экинчи уулум Марат Ч.Айтматов атындагы лицейде 8-класста окуп жүргөн. Мирлан 1-курсту аяктап калган. Эки уулумду алдым да, Красноярск шаарына кеттик.Айылда жолдошум үч кызын алып өз кесиби менен иштей берди.Красноярскиге барыпкенен таанышып, жайгашкан соңуулум Мирлан түрктөрдүн товарларын, ангор кофталарын поезд менен ташып турду. Маратэкөөбүз тосуп алабыз. Бара-бара иштин көзүн таптык. Жолдошум көп бир тууган эле, кайнилеримди алып кетип жумуш ордун түзүп, биргеликте иш алып бардык. Убакыттын өтүшү менен бизнесим болуп көрбөгөндөй өркүндөп бутуна турду. Чынында, жан үрөп катуу иштедик. Кийин кийим сатып чектелбестен,кездеме сатуу менен да алектендим.Айтор, кандай жумуш кылбайлы, баары шар кетип ийгиликтүү болуп жатты. Ошентип, бизнесим ар тармактуу болуп, бир гана Красноярск шаарында эмес, Москва, Новосибирск, Екатеринбург, Уссурийск шаарларына чейин кеңейтип жайылтканга жетиштим. Кыргызстанга келип өзүбүздүн Кара-Буура айылынан чоңбазар, тегирмен, ресторан сатып алдык. Ал бизнести жолдошум жетектеп көзөмөл кылды. Кыскасы,сырттан иш орундарын көбөйтүп, дүкөндөрдү сатып алып, Кыргызстандан 20-30 чакты жумушчу алып бардым. Баарыниш менен камсыздадым. Бизнести бир нукка салып көңүлүм жайланган соң Кыргызстанга 2003-жылы келдим. Жалпысынан 7 жыл Красноярскиде иштедим. 2003-жылдан баштап Кыргызстанга келип, Дордой базарынан контейнерлерди сатып алып көптөгөн жумушчуларды иш менен камсыз кылып, мөөнөтүн узартып товарларды берип, бизнесимди уланттым. 2016-жылы “Аруу жылдыз” ЖЧКнын Жобосун, капиталын сатып алдым. Ошондон баштап “Вефа бизнес” борборунун башкы директору болуп эмгектенип келатам. Биз сатып алганда абалы жакшы эмес эле, баштан-аяк оңдоп-түзөтүп, унаа токтотуучу жайлардан бери жаңыртып калыпка келтирдик. Жумушчуларга колубуздан келишинче шарттарды түзүп бердик, жаман эмес.Учурда 300 жумушчу орунду түзүп көптөгөн адамдарды иш менен камсыз кылдык. Мамлекетке чоң өлчөмдө салыктарды убагында төлөп кайсы бир деңгээлде экономикабызга салым кошуп жатабыз деп ойлойм.Андан сырткары жакында эле “Umail Estilo”тигүүчүлөр фабрикасын ачтык. Фабрикада 100дөй адам иш менен камсыз болуп эмгектенишүүдө. Өлкө башчыбыз Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин да атайы ушул жаатта программасы бар. Бул кылган ишибиз ошол программаны колдоо иретинде ачылган фабрика десем болот. Менин бизнестеги алгачкы кадамым мына ушундай башталган.

 

 

- Бизнес жолундагы эң оор күндөрүңүз эсиңиздеби? Андай учурда бизнести таштап кетсем деген оюңузда болгон жокпу?

 

- Албетте, ар бир жумуштун кыйынчылыгы болбой койбойт. Аны сабырдуулук, чечкиндүүлүк, аракет менен жеңүүгө болот. Оор күндөрдү, чындыгында, өжөрлүк менен жеңдик. Поездден товарды тосуп алуу канчалык кыйын болсо да азыр ойлосом жумуштун шары менен сезбептирмин. Анын үстүнө алдуу-күчтүү, жаш экем. Билип калсаңар керек,брезенттен тигилген чоң сумкалар болор эле. Мына ошол сумкага ныкталган товар кийим келчү. Анткени жол кирени үнөмдөп бир сумкага көптөн салышчу. Баарынан кыйыны - ал учурда рекеттердин күчөп турган мезгили. Келген товарды 10 мүнөттүн ичинде алып кетпесең, рекеттер бардыгын тартып алчу. Алдын-ала сумканын санын эсептеп, ошого жараша киши даярдап, келери менен бирден көтөрүп жөнөчүбүз.Эми ошол кездеги поездден чыккандагы жолдун тиктигин, бийиктигин, узактыгын айт. Далбастап оор сумканы көтөрүп аркы өйүзгө өтүү ушунчалык азап эле. Азыр эстеп таң калам, жумуштун кызуусу менен этибарга албаптырмын. Кыйынчылыктар көп болду. Ошол учурдагы бир окуя эсимден кетпейт. 1997-жылы Кыргызстандан Жаңы жыл тосууну пландап 28-декабрга билет алып койгом. Ал учурда банктан акча салуу деген жокко эсе. Самолёт менен сумкабызга же белибизге байлап алып кетчүбүз. Анчалык дыкат текшерчү эмес.Андыктан Кыргызстанга кетеримде тапкан акчамдын баарын сумкаларга иреттеп салыштырып, мына чыгам деп жатсам, “Тыныбек байке”, - деп эшикти кагып калды. Кайнимдинаты Тыныбек, ал мурда эле Красноярск шаарында жашап, иштечү. Ошондуктан орус тилин жакшы билчү. Ал учурда кыргыздар тил жакшы билбей кыйналышчу. Аларга жардам берип, милицияга түшкөндөрүн куткарып эле жүрчү. Орустардын да тилин таап администрация менен мамилеси жакшы болуп кайнимдин кадыры бир топ билинип калган. Ошентип, баягы “Тыныбек байке” деген кыргызча айтылган үндөн эшикти ачып жиберсек, бет капчан 4 бала капысынан кирип келди. Кирип эле бычак менен Тыныбекти башка коюп жиберсе кан шорголоп агып кетти. Жанымда келиним, анан 9-класста окуган жаш бала бар болчу. “10 миң рубль бергиле” дешти. Мен тызылдап:“Макул, берем.Бирок эч кимибизге тийбегиле”, - деп сурандым. Кудайдын бар экенине ишенем. Адал эмгегим менен табылган акчанын баарын үйгө кетем депдолларга алмаштыргам. Аны жаздыктын ичине катып, 15 миң рублды өзүнчө кутуга салып койгом. Тигилер баягы жаздыкты ыргытканда ичинен акча чачылбастан топ этип жерге түшүп калды. Негизги сумма калды деп өзүмө келе түштүм да, далбастап баягы 15 миң рублды кармата салдым.Бул окуя биздин бир жылда жакшы иштеп атыбыз чыгып калгандыгынын башкы себеби болду. Ошентип, акчаны алышты да, чыгып кетишти. Алар кеткенден кийинки биздин абалыбызды сөз менен жеткире албайм. Бозоруп келиним өзүн жоготуп койгон. Өзүм да коркуп, башыбызга чапкандай селдейип отуруп калдык. Алардын арасында өзүмдү улуумун деп сезгеним менен болгону 39 жаш жапжаш курагым экен. Болбосо анда өзүмдү көптү билип көргөн кары адамдай сезчүмүн. Ошентип, аман калганыбызга шүгүр кылып, эртеси Кыргызстанга учуп кеттим. Мына ушундай кыйынчылык күндөрдү башыбыздан өткөргөнбүз. Бирок ушундай окуялардан кийин дагы бизнести таштап кетүү оюма таптакыр келген жок. Тескерисинче, чыйралдым, мындай нерселер мени андан ары күчтүү болгонго үйрөттү.

 

-Алгачкы тапкан кирешеңизди эмнеге короттуңуз эле?

 

- Ачыгын айтыш керек, бизнесим мен ойлогондон да жогору жакшы болгон. Тынымсыз аракет менен абдан жакшы иштедик. “Адал эмгек жерде калбайт” деген сөзгө ынанам. Үч айдын ичинде жакшы киреше таап келип Асанбай кичирайонунан 3 бөлмөлүү батир сатып алганбыз. Ал учурда мындай батир алуу абдан кыйын эле. Бул менин алгачкы тапкан кирешем, азыркы күнгө чейин эсимден чыгарбайм.

 

-Ишкер десе эле жардам сурагандар көп болот эмеспи, кайрымдуулук иштерине кандай карайсыз?

 

-Ооба, чынында, көптөгөн адамдарга жардам бердим. Бизнести жаңыдан баштаган учурда жолдошум экөөбүз Үч-Булак айылына барып калдык. Ал кезде айылдын көчөлөрү тим эле белчеден баткак, аркы бетке өтүү кыйын эле.Жолдошума: “Ушул жерге жардам берип таш төшөтүп, оңдотуп берели”, - десем, макул болду. Кийинки баргандаайылдын көчөлөрүнүн баарын оңдоп айыл элинин батасын алдык. Азыркы күнгө чейин бул жакшылыгыбызды “Рысбек менен Умсун келип бутубуз балчыктан арылып калган” депайтып бүтүшпөйт. Андан сырткары Красноярскидеги, башка шаарлардагы кыргыздардын көпчүлүгүнө каралаштым. Себеби убагында товарга акчалары жок болуп калган кезде товарды карызга (подреал) узак мөөнөткөберип койчумун. Мактангандык эмес, биздин артыбыз менен бир топ адамдар буттарына туруп, убагында ал жактан там,унаа алганга жетишишти. Азыркы күнгө чейин баары менен тыгыз катташтабыз, мамилелерибиз жакшы. Көргөн жерден ыраазычылыктарын билдирип, телефон аркылуу кабарлашып “сиз болбосоңуз, бул даражага жетпейт элек”деген сыяктуу жылуу сөздөрүн айтышат. Убагында карызга берген товарларымдын көпчүлүгүн албай калдым. Алардын артынан түшүп кубалаган жокмун.Мен аларды да түшүнөм, убагында соода бирде ылдый, бирде өйдө болду. Кудай колдоп иштери жүрүпакчалуу болуп, алгандарын кайтарып берсе деп тилеп гана жүрдүм. Адамдын ниети түз болуш керек. Кудайга терең ишендим, мага Кудайдан кайтты. Артымдан издеп келипкечирим сурап 10 жылдан кийин да карызын төлөп кеткендер көп. Акчасы менен кошо жүрөктөн чыккан баталарын беришет.Элдин батасын алсам абдан кубанам. Менин ийгиликке жетишимдин бирден-бир себеби - элдин батасы тийди деп ойлойм. Кыргыздын “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” деген макалы бекеринен айтылган эмес. Мен ушундан кийин адамга кылган жакшылык өзүнөн болбосо да Кудайдан кайтарына терең ишендим.Андыктан балдарыма да: “Байлык - колдун кири, дөөлөт бир келет. Кудайым берген сайын башыңарды ийип, текебер болбой, жөнөкөй болгула. Элдин батасын, ыраазычылыгын алганга жетишкиле”, - деп көп айтам.Андан сырткары карылар үйүнө,балдар үйүнө, айылдарга, өзүм иштеген Будёновка мектебине акчалай жардам көрсөтөм.Быйыл мурда өзүм иштеп кеткен Кара-Буура районуна караштуу Т.Айтматов атындагы, Ч. Айтматов атындагы, Акымбеков атындагы жана Үч-Булак орто мектептерине 300 миң сом өлчөмүндө төрт мектептин бирден класстарын парта, стулдар менен жабдып комплект кылып алып бердим. Ал класстын окуучулары жаңы окуу жылында жаңы парталарга олтурушту. Жылда ушундай темп менен 4 мектепке көмөктөшүп турсам деген ойдомун. Ошондой эле 8-Мартта, Энелер күнүндө Кара-Буура районундагы энелерге майрамдык иш-чараларды уюштурууга салым кошуп, белектеримди тартуулап маанайларын көтөрүүгө аракеттенем. Балдарым да өздөрүнчө спорт жагын колдоп көмөктөшүп келишет. Жалпысынан үй-бүлөбүз менен кайрымдуулук иштерине кайдыгер карабайбыз.

 

 

- Бардык эле айымдардын колунан бизнести бутуна тургузуукеле бербейт. Айтайын дегеним, ийгиликке жетүү үчүн кандай сапаттарга ээ болуш керек? Деги эле жумушуңузда кандай принципти колдоносуз?

 

- Өзүңүз айткандай, бизнес баарынын колунан келе бербейт. “Жети өлчөп, бир кес” демекчи, бизнести баштардан мурун туура багыт алуу зарыл. Аракет, тактык, туруктуулук, ишеним, чынчылдык, сабырдуулук, сарамжалдуулук болсо дайыма ийгилик болот. Эң негизгиси сен өзүңдү көзөмөлдө, башкаларды Кудай көзөмөлдөйт. Эч качан сага ишенген адамды алдаба, эч качан сени алдаган адамга ишенбе. Жалгыз өзү күрөшкөн адам эң күчтүү адам деп эсептейм. Терең ойлонуп иш кылсаң, жемиши ар дайым даяр. Мына ушулар - адамдагы эң негизги сапаттар. Андан сырткары бизнесте эмгек гана талап кылынбастан, ой жүгүртүү дагы чоң мааниге ээ. Ой чабытың абдан күчтүү болуш керек. Себеби бизнес чөйрөдө ар кандай кырдаалдар орун алат. Мына ошондо туура ой жүгүртүп, кантип ийгиликке жетем? Кандай кылсам туура болот? Абалдан канткенде чыга алам? деген суроолордун жообун билиш керек. Ошондо гана эмгек менен ой жүгүртүү биргелешип сенин туура кадам таштооңо, ийгиликке жетүүңө өбөлгө түзөт. Ошондой эле максатты туура койгонго үйрөн. Пландаган ишиңди аягына чейин чыгар, болбосо баштаба. Максатты, планды ишке ашыруу үчүн болгон күчтү жумшаганга аракеттенүү абзел. Жалкоолонуп бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба, эмгектен качпа.Ар бир адам жоопкерчиликтүү болгону жакшы. Берилген жумушту убагында аткарып, жоопкерчиликти сезе билсең, жумуш өзүнөн-өзү алдыга жылат.Мына ушул жогоруда айтылган сапаттарды колдонуп мугалим болуп жүргөн кезимде да, бүгүнкү күндө да ийгиликтерге жетишип келатам.Дайыма “алга” деген ураан менен иш алып барам.

 

- “Ийгиликтүү карьера - жеке жашоонун душманы” дешет. Буга кандай карайсыз?

 

- Кудайга шүгүр, жеке душмандык орун алган жок. Балким, мен эл менен тыгыз байланышта болуп жардам бергендиктен го дейм. Жогоруда айткандай,элге берип ыраазычылыктарга ээ болдум. Бүгүнкү күндө да аянган жерим жок. “Вефа бизнес” борборуна келгенден бери кээде таза жакшы иштеп жатсаң да кайсы бир жерлерден көрө албастыкты байкайсың. Бирок адал эмгек менен таза иштегенимди Кудай таразалап көрүп турат. Текеберленип бир нерселерди жасап жибергенден алысмын. Кудай жар болсун, жардамын берет депөз ишимди аткарып жатам.

 

- Эмгек жерде калбайт дешет. Эмгегиңиз эл тарабынан бааланып атабы?

 

- Кыргызстан Аялдар Конгресси“элге кылган эмгегиңиз, ишиңиз, коомго кошкон салымыңыз чоң. Биздин КыргызстанАялдар Конгрессинин атайын китебине чыгууга татыктуусуз” дешип өмүр баянымды алып чыгарышкан. Кийин алар менен тыгыз жакшы мамиледе болуп калдык. Жыл башында “Лидер айым” деген төш белгисин беришти. Ыраазычылыгымды билдирип, Аялдар Конгрессинин жамаатына “Вефа бизнес” борборунан кеңсе берип, колумдан келишинче көмөктөшүп келе жатам. Иш-чараларын “Вефа бизнес” борборунан өткөрүп берип турам. Кол өнөрчүлөрдүн “Эл-Мурасы”деген көргөзмө иш-чарасын да өткөрдүк. Ага атайын ар бир өлкөдөн элчилер, айымдар келишти. Толугу менен каражатын мойнума алып өткөрүп бердим. Жогорку деңгээлде өткөнүн айтып баары ыраазы болушту. Ал эмимектепте үзүрлүү эмгектенгеним эске алынып“Эл агартуунун отличниги” жана Кыргыз ССРнин агартуу министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлангам.Быйыл Талас облусунун “Ардактуу атуулу”, Кара-Буура районунун “Ардактуу атуулу”, Бишкек шаарынын 1-Май районунун администрациясынын Ардак грамотасына ээ болуп, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракеде атайын медаль менен сыйландым. О.э. буга чейин Кыргыз ССРнин билим берүү жана илим министрлигинин профсоюзунун республикалык комитетинин Ардак грамотасына, “Ала-Тоо айымдары” коомдук-экологиялык кыймылынын “Каныкей” орденине, “Теңир-Тоо айымдары” бирикмесинин “Теңир-Тоо айымдары” медалына, Талас облусунун Кара-Буура районунун Ардак грамотасына ээ болгом.

 

 

 

- Канча уул-кыз, неберенин сүйүктүү энесисиз?

 

-Үч кыз, эки уул, 17 неберем бар. Кудайыма шүгүр, балдарым менен сыймыктанам. Баары жогорку билимдүү. Турмуш куруп, өз алдынча түтүн булатып жаткан учурлары. Эки уулум Мирлан, Марат жеке ишкерлик менен алектенишет. Кыздарым Нургүл, Назгүл да бул тармакта өз ордуларын таап, ийгиликтүү жеке ишкерлик жүргүзүп келишет. Келиндерим, күйөө балдарым баары жогорку билимдүү. Тагдырдын буйругу экен, өкүнүчтүүсү жолдошум уулдарынын урматын көрөр кезде мындан эки жыл мурун каза болуп калды.

 

-Ал эми сизди тарбиялап, өстүргөн ата-энеңиз туурасында да айтпасаңыз болбос...

 

- Албетте, мени ушундай деңгээлге жетишиме, ийгилигиме ата-энемдин салымы чоң. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, баарыбыз жогорку билимдүүбүз. Бизди ата-энебиз эмгекчилдикке, чынчылдыкка, тазалыкка үйрөткөн. Атам мен төрөлгөнгө чейин башкарма болуп иштеп, кийин башка багыттарда эмгектенип жүрүп пенсияга чыккан. Мен атамдын 57 жашындагы перзентимин. Апам үй кожойкеси болуп бизди татыктуу тарбиялаган.

 

Алмагүл БАЗАРБАЕВА