“Аялдын бактысы үч жерден: кимдин кызысың, кимдин жарысың жана кимдин апасысың? деген суроолорго мыкты жооп бере алсаң, демек, сен чыныгы бактылуу айымсың”, - деп айтылат. Анын сыңары, биздин бул жолку маектешибиз да ошондой бакытка ээ, бактылуу аялзаты. Мугалимдик кесипке ээ болуп, эмгек жолун педагогдук иштен баштап, кийинчерээк мамлекеттик маанилүү кызматтарды аркалаган Айгүл Алымкулова бир топ жылдан бери ишкерчилик чөйрөсүндө эмгектенип келет. Жакынкы күндөрү кайрымдуулук фонд ачып кайрымдуулук иштери менен алек болууну пландоодо. Ишкерликте болобу, мамлекеттик кызматта болобу же жеке жашоодобу, ийгиликтерди багындыра билген Эл агартуунун отличниги көптөгөн ардак грамоталардын ээси. Эки жолку шаардык кеңештин депутаты Айгүл айым менен кызыктуу маектештик.

 

- Айгүл Алымкуловна, кыргызда “жаштын тилегин берет” деп коюшат го, сиз кичинеңизде ким болууну кыялданчусуз?

 

- Педагог же жазуучу болом деп кыялданар элем. Кыргызстандагы көрүнүктүү жазуучу драматург, коомдук ишмер Шүкүрбек Бейшеналиев - бир тууган таякем. Таякем Тоголок Молдо-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги жазуучулар үйүндө жашачу. Тез-тезден эле анын үйүнө келе берчүмүн. Ата-энемдин жалгыз кызы болгондуктан таякем мени аябай эркелетчү. Үйүндө чоң китепканасы боло турган. Келерим менен ошол жерден башым чыкпай, таякемдин “укта” дегенине карабай түндүн бир оокумуна чейин китеп окучумун. Чынында, өтө кызыктуу эле, дүйнөлүк классиктердин бардык чыгармаларын таба алчумун. Андыктан дээримен китеп дүйнөсүнө жакын окшойм деп калам. Себеби 2-классымда үйдөгү “Князь Серебряный” деген китепти окуп чыкканым эсимде. Ал да байыркы орус тилинде жазылган, тамгалары такыр башкача болчу. Азыр ойлосом, түшүнбөсөм деле керек. “Үйдө ошол эле китеп бар болчу” деп кийин үйдөгүлөр айтып калышчу. Негизинен китепке өтө жакын болдум. Шаарга келгенде таякем: “Чоңойгондо ким болосуң?” - деп сураса, жазуучу же мугалим болорумду айтчумун. Ыраматылык таякем аябай кубанып калар эле.

 

 

- Ата-энеңиз туурасында уккум келип жатат?..

 

- Атам Алымкул мага 9 ай болгондо эле жапжаш 21 жаш кезинде каза болуп калыптыр. Военкоматта  иштеп, 21 жашка чейин эле там салып, мал күтүп, үйлөнүп, бир туугандарына баш-көз болуп чоң үй-бүлөнү бакканга жан үрөгөн. Апам Зууракан Бейшеналиева өтө иштүү, уз аял болгон. Ошол себептен инженер-технологдор  суусар тебетей, ичик, кемселдердин үлгүлөрүн апамдан сурап алышчу экен. Тогуз жашында эле кичүү таякеме тебетей тигип бергендигин тайларым айтып калышчу. Узчулугун кийин деле таштаган жок. “Кыял” бирикмесинде  иштеп, ошол жерден пенсияга чыкты. Былтыр 87 жаш курагында көзү өтүп кетти. Жарыктык 80 жашына чейин эле небере-чөбөрөлөрүнө топу тигип бере берчү. Мен апамдын ошол өнөрүн алып кеткен жокмун. Көбүнчө эле китепке ыктап, адабиятка жакын өсүп, жалгыз кыз болуп эркелеп чоңойдум.

 

- Бала чагыңыз кайда өттү?

 

- Өзүм Ак-Талаанын кызы болгонум менен Жумгалда чоңойдум. Орус бала бакчага барып, орус мектепте окудум. Чаектеги бардык мугалимдер Москвадан, Ленинграддан бүтүп келген орус кыздар болчу. Аларды үй тиричилиги менен алаксыткан киши жок, болгон убактыларын, билимдерин бизге жумшашты. Китеп дүйнөсүнөн сырткары котормого да кызыгуум күч болчу. Чакан тексттерди орус тилинен кыргыз тилине которо берчүмүн. Ошентип жүрүп акыры орус тилчи, педагогикалык окуу жайдан орус тили мугалими деген адистикке ээ болдум. Өзүм кыядангандай мугалимдик иш менен эмгек жолумду баштап, бул тармакта үзүрлүү иштедим.  Окуу-тарбия иштери боюнча орун басар, мектеп директору болдум. Эл менин эмгегимди баалаштыбы же мага ишеништиби, айтор, эки жолу шаардык кеңешке депутат кылып шайлашты. Андан кийин шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болдум. Ленин райондук билим берүү бөлүмүн жетектедим. Ушул эле райондун акиминин орун басары кызматын аркаладым. Билим берүү министрлигинде мектептерди башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп да иштегем. Учурда акчасы барлар балдарын “Сапат”, “Оксфорд” сыяктуу жеке жана эл аралык мектептерде окутуп жатышат. Албетте, ал жактагы билим берүүгө сөз жок. Ал эми айылдык жана шаардагы мамлекеттик мектептерде билим берүүнүн сапаты, чындыгында, өтө төмөн түшүп кетти. Андыктан билим берүү тармагындагы ушул көйгөй мени көп ойлондурат.

 

- “Балам - бактым, балам - базарым” демекчи, балдарыңыз туурасында да айтып берсеңиз?

 

- Биз  төрт балалуу болдук. Акимдин орун басары болуп иштеп жүргөндө балдар үйүнө барып калдым. Ал жерден бир кичинекей кыз мага жабышып, кучактап калды. Карасам, кыргызга окшобойт. Тарбиячы келип алайын десе, анын колун түртүп барбайт. Ошол күнү эмнегедир ал кичинекей наристе эс-дартыман кетпей, ал тургай, түнү менен түшүмө кирип чыкты. Жолдошума болгонун болгондой айтып, “ал кызды багып алсак кантет?” - деп сунуштадым. Ал кезде үч  уулубуз, бир кызыбыз тең чоңоюп студент болуп калышкан. Жолдошум: “Балдарыбыз чоңоюп калышты, эртең эле неберелүү болобуз, анан кандай болот?” - деп кыйыктанды. Мен болбой эле балдар үйүнө ээрчитип жөнөдүм. Барсак, эки кызды алып чыгышты. Бирөө кечээки мага жабышкан кыз, экинчиси кыргыз кызы экен. Жолдошум экөөнү карап эле: “Убал го, жакшынакай кыздар экен, экөөнү тең эле багып албайлыбы?” - деп калды. Бирок биз экөөн тең ала албайбыз. Бирөөсүн эле алыш керек болчу. Менин жүрөгүм баягы мага жармашкан кичинекей кызга тартып туруп алды. Ошентип, ал кызды асырап алдык. Кызды алгандан кийин өз каалоом менен арыз жазып эмгек өргүүгө чыгып кеттим. Эмне кылам, кызды багыш керек дедим. Ал болгону 4 айлык  болчу. “Эл өз балдарын бага албай жатса, сизге эмне болду? Балаңыз жок болсо да бир жөн” деп көптөр түшүнгөн жок. Азыр ал кызыбыз чоңоюп, турмушка чыгып, кыздуу болду. Татыктуу тарбиялап, турмушка берип, ата-энелик милдетти ар убак аткарууга жан үрөйм. 

 

 

- Мамлекеттик кызматтарда иштеп келип кандайча ишкерчиликке өтүп кеттиңиз эле?

 

- Жогоруда айткандай, кызды асырап алган соң эмгек өргүүгө чыктым. Аким баш болуп баары иштебей, үйдө олтуруп алышыма каршы чыгып түшүнүшкөн жок. Балдарыбыз - студент. Анысы аз келгенсип бири Алматыда, бири Орусияда, экөө бул жакта окушчу. Баарына тең каражат керек. Анан аракет кылып көрөлү деп бир жыл кызым менен отуруп, кийинки жылы чоңоюп калганда ишкерчиликке кириштим. Ага чейин бир топ мамлекеттик жакшы кызматтарга чакырышты. Бардыгынан баш тартууга туура келди. Себеби беш бала менен мамлекеттин айлыгына жашоо мүмкүн эмес болчу.

 

- Экөө эки башка нерсе да, кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

 

- Албетте, биринчи жылдары соодалашканды билчү эмесмин. Соодалашкандарды көргөндө таң калчумун. Бирок мугалимдик ишим, эл менен иштеген жылдардагы тажрыйбамдын жардамы ишкерчиликке тийбей койгон жок. Иранга каттап жаттык. Акырындап товардын көлөмүн чоңойтуп көбүрөөк алып келе баштадым. Эл менен тааныштым, ишенимге кирдим. Ишкерчиликтин да өзүнүн кыйынчылыктары болот. Доллардын курсу көтөрүлүп кетип кыйынчылыкка учурап, күйгөн да күндөр болду.  Азыр эми былтыртан баштап жумушумду токтоттум. Эс алып жаткан чагым. Өлкөбүздөгү балдардын учурдагы жашоосу, келечеги мени көп ойлондурат. Ошондуктан кайрымдуулук фонд ачсамбы деп ойлонуп жүрөм. Канчалаган балдар оорунун айынан мектепке бара албай, билим ала албай келет. Ошондой балдар үчүн бала бакча, мектеп ачуу планымда бар.

 

- Ишкерликте кандай принциптерди колдоносуз?

 

- Эң алгач ишеним. Мисалы, мен ишкерчиликте өзүмдү эле ойлобой, шеригимди да ойлойм. Мага да, мени менен иштеп жаткан адамдарга да жакшы, пайдалуу болсун дейм. Орусия, Иран, Кытай, Белоруссия менен иштештим. Орусияда көрүшпөй, бирок көп жылдан бери телефон аркылуу гана сүйлөшүп, иштешип жаткан адамдарым бар. Алар менен ортобуздагы болгон ишеним ушул ийгиликтерге жетеледи десем жаңылышпайм. Өмүрү бирөөнү алдап көргөн жан эмесмин. Өзүмдү кандай ойлосом, өзгөнү да ошондой ойлойм. Башкадан да ушундай мамилени күтөм. Сөздүн кыскасы, ишкерликте акчага да, мамилеге да так, ишенимдүү болуш керек.

 

 

- Балдарыңызды да ошол нерсеге көндүрсөңүз керек?

 

- Албетте. Мугалим болгон соң «алдаба, уурдаба» деп тарбияладык. Ашыкча эркелеткен жокпуз. «Жалкоолук - жаман адат. Адал эмгек менен эмгектенгиле» дечүбүз. Жолдошум экөөбүздүн кандай эмгектенип жашаганыбызды алар көрүп чоңоюшту. Өзүбүздүн жашоо-турмушубуз менен, баскан-турганыбыз менен балдарга үлгү болуп тарбияладык. Жолдошум он бир тууган болчу. Ал кезде баары окуп, биздин үйдө жүрүштү. Кайын инилерим, кайын сиңдилерим ошол учурду эстеп, биздин эмгегибизди баалап айтып калышса кубанам.

 

- Жашоодо ушундай ийгиликтерге жетүүңүзгө өмүрлүк жолдошуңуздун салымы зор болсо керек?

 

- Туура айтасыз, жолдошум өтө жакшы адам эле. Жакшы күйөө, жакшы ата болду. Окумуштуу, илимдин кандидаты болгондуктан бардык нерсеге билимдүүлүк, түшүнүү менен карачу. Мындан 3 жыл мурун капысынан жүрөгү кармап 73 жашында өтүп кетти. Жакшы, ынтымактуу, бактылуу жашадык. Чыныгы интеллигент адам эле. Бир да жолу атыман айткан эмес. Бизнесте да чогуу иштедик. Жумуш менен эс алууну туура айкалыштырдык. Бир жылда эки жолу чет өлкөгө чыгып көп өлкөлөрдө болдук. Беш баланы өстүрүп, 14 неберелүү болдук. Балдарыбыздын баары үйлөнгөн, жайланган. Улуу балабыз Германияда. Анын үч баласы бар. Докторлугун жактаган, эми китептерди жазып профессорлук наамга аракет кылып жүрөт. Ошондой эле Гумбольдт университетинде доцент. Ортончу уулум төрт баланын атасы. Бишкекте турушат. Кызым, күйөө балам – дарыгерлер, алар учурда  Орусияда. 4 баласы бар, улуу уулу Германияда окуйт. Кичүү уулум өтүп кетти. Анын үч баласы, келиним менен мен чогуу жашайм. Учурда кайын атам 97 жашта. Кудайга шүгүр атабыз күүлүү-күчтүү.  Кайын энемдин көзү өткөндөн ал кишинин көңүлүн карап, дөөлөттүү карылыкты көрсө деп жан үрөп, Бишкектен баардык шарты бар эки бөлмөлүү бартир алып бергенбиз. Кичүү уул-келини менен ал үйдө чогуу турат.

 

- "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборунун ачылышы туурасында айтып берсеңиз?

 

- Мындан 30 жыл мурун Германиядан оорунун азабын тартып, анын айынан бала бакчага же мектепке бара албай жүргөн балдар менен иштешели деген мааниде Карла-Мария Шелике жана Игорь Шелике аттуу үй-бүлөлөрдөн кат келген. Ал убакта мен акимдин орун басары болуп иштеп жүргөм. Алардын сунушун колдоп, Отунбаева Роза Исаковнанын жардамы менен дароо бала бакча ачууну ойлодук. Ошентип, имарат таап бала бакча ачканбыз. Ачылышына чет өлкөдөн бир топ коноктор келип, биз тосуп алып, Кыргызстанды көрсөтүп, фестиваль да өткөргөнбүз. Азыркы майып балдардын "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борбору ошол бала бакча болчу. Бул жерде ясли, бала бакча, мектеп дагы бар. Балдар мектепти аяктап кеткенден кийин да көзөмөлгө алып, жумуш таап берип турабыз. Чынын айтканда, 30 жылда немистер бизге жакшы эле жардам беришти. Тактап айтканда, оорулуу балдарга кылдат көңүл буруп, аяр мамиле жасап, атайын даярдалган адистерин жиберип, башкача методикаларды колдонуу менен окуу-тарбия иштерин жүргүзүп жатышты. Карла-Мария Шелике үй-бүлөсү менен келип, бул жерден да ар улуттагы үч майып баланы багып алышкан. Азыр ошол балдардын бардыгын чоңойтуп, үйлөнтүп, неберелүү болушкан. Алар менен иш алып барган менин 30 жылдык эмгегим бааланып президент тарабынан алтын саат менен сыйландым.

 

- Сиз менен баарлашып олтуруп кайрымдуулук иштерин көз жаздымда калтырбасыңызды сездим.

 

- Эми Кудайдын ыраазычылыгы үчүн жетим-жесирге колуман  келген жардамымды берип жүрөм. Негизи үй-бүлөбүз менен кайрымдуулук иштеринен кур калбайбыз. Өзгөчө өлкөбүздүн билим сапатына көңүл бурам. Өлкөбүздө окубай калган, китепке жетпей калган балдар болбосо дейм. Жаш муунду китепке, билимге кызыктыруу үчүн ар кандай стипендияларды берип жүрөм. Алсак, “Адеп башаты” коомундагы медреселерге колуман келишинче стипендия берчүмүн. Жакында жолдошум төрөлүп-өскөн айылга барып стипендия бердик. Ал киши убагында айылдан биринчилерден болуп кандидаттыгын жактап, окумуштуу болгон. Айылдаштары аны баалап бир класска атын беришкен. Ошол классты барып оңдоп-түзөп, үч жылдан бери жакшы окуган окуучуларга, жакшы иш алып барган мугалимдерге стипендия берүүнү салтка айлантканбыз. Эми айылдын китепканасына китеп чогултуп жатабыз. Айылыбыз үчүн, балдар үчүн мен эч качан жардамымды аяган эмесмин, мындан кийин да аябайм.

- Фонд да ачып жаткан экенсиз?

- Ооба, “Келечек” деген аталыштагы фонд ачканы жатам. Билим берүү тармагына өзүмдүн көз карашым бар, ошону ишке ашырсамбы дейм. Бул тармакты жакшы түшүнөм, анткени тарбиячыдан баштап башкармалыкты жетектөөгө чейин жетишкем. Андыктан, министрликке өз идеяларымды, сунушгарымды айтсам деп турам.

 

- Сизге эркин микрофон. Элибизге кандай каалоо-тилегиңиз бар?

 

- Элдин тынчтыгы баарынан жогору турат. Андыктан жергебизде тынчтык эле болсо экен. Балдарыбыздын билимине, ыйманына көңүл буралы. Аларды мекенди сүйүүгө, патриот болууга үндөйлү. Ош базарынын жанынан өткөндө дайыма жүрөгүм ооруйт. Жапжаш улан-кыздарыбыз теңселип мас болуп жүрөт. Көчө боюнда жаткандарын көрүп зээним кейийт. Аларды да энеси кыйналып чоңойтуп, бир жакшы адам болот деп үмүт кылган да. Ошондуктан жаштарыбыз арак, тамеки, жалкоолук сыяктуу жаман адаттардан, илдеттерден алыс болсо, Кудайым жүрөктөрүнө ыйман берсе деп тилейм. Мөлтүрөгөн жаш кыздар, балдар көр оокаттын айынан мектепке барбай, ата-энелерине жардам кылып күнгө какталып бир нерселерди сатып отурушат. Балдардын келечегин ойлоп, аларга билим берүүнү унутпасак. Себеби өлкөнүн келечеги жаштарда. Балдарыбыздын дени сак, билими күчтүү болсо, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын сөзсүз кошот. Өлкөбүз өнүгөт. Андыктан, кылымдарды карыткан кыргыз калкы бар болсун!

 

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА