Депутат Зиядин Жамалдинов ветеринария инспекциясынын ишин сынга алды.
"Малдын башын идентификациялоо башталганы менен аны улантуу, жыйынтыктоо токтоп калды. Бизде ветеринариялык иштердү жүргүзүү жеке ветеринарларга берилип калган", - деди депутат парламент жыйынында.
Айтымында борбор калаадагы «Ош», «Аламүдүн» сыяктуу чоӊ-чоӊ базарлардагы малдын этин сатууга көзөмөл жүргүзүү жеке ветеринарларга берилген. Ошол эле маалда алар колдонгон жабдуулар мамлекеттики.
«Эт менен иштегендер акча менен эттин сапаты боюнча каалаган справкасын сатып алышат экен. Ошентип, ветеринариялык абалга эч кандай көзөмөл жүргөн жок. Кокус кандайдыр бир оору чыкса карапайым элге эле кыйын болуп калат»,- дейт депутат.