Жакында мугалимдердин эмгек акысы 30 пайызга көбөйтүлдү. Бул нерсе башка социалдык кызматкерлердин нааразычылыгынын жаралышына себеп болду. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

 

"Мугалимдердин айлыгынын көбөйгөнү жакшы, бирок социалдык тармактарда иштеген башка жарандарыбыздын маяналарында чоң айырмачылык болуп калды. Ошондон улам нааразычылыктар жарала баштады. Мындай теңсиздик келечегинде социалдык жарылууларга алып келиши мүмкүн", - деди Тиллаев. 

 

«Мындай нааразычылыкка баткендик дарыгерлердин жапырт иш таштоосун мисал тартсак болот. Ошондуктан, Өкмөт азыртан социалдык тармактарда эмгектенген жарандарыбыздын эмгек акыларын теңдөө чараларын көрүшү зарыл. Ансыз калк арасында ар кандай нааразычылыктар жарала бериши мүмкүн», - деди депутат.

 

Депутат Бакыт Төрөбаев кесиптешинин пикирин колдоого алып,  Саламаттыкты сактоо министрлиги таптакыр иш алпара албай калганын, ооруканалардын материалдык-техникалык базасы кыйла начарлап кеткенин, дарыгерлердин маянасы өтө төмөн экенин баса белгиледи. Айтымында ошондон улам  коомчулук арасында да, дарыгерлердин арасында да мына ушундай нааразычылыктар жаралууда.