2016-жылы мамлекет пайда тапсын деген ниетте Мамлекеттик лотерея компаниясы түзүлүп, анын бутуна тургузуу максатында 10 млн сом бөлүнгөн. Ал эми 2018-жылы жылы 20 млн сом берилген. Ошондон бери ал компаниянын таптакыр дайыны чыкпай калды, деги ал азыр эмне кылып жатат?
Мындай суроо Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров тарабынан берилди.
Ал аталган компания мамлекеттик бюджетке кандайдыр бир пайда алып келиши керектигин белгиледи.
«Кумар оюндарына тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилгенде, Өкмөт каршы болуп, бир жылдан кийин лотереядан мамлекеттик бюджетке 150 млн сом түшөт, ал эми эки-үч жылдан соң 300 млн сомго чейин каражат түшөт деген, менимче, ошондон бери бир тыйын да түшкөн жок. Өкмөт бир нерсени айтардан мурун жакшылап ойлонушу керек да», - деди депутат.