Укук коргоо органдары экономикалык кылмыш козгоо жүрүмүндө компания башчыларын камакка алып, андан кийин акты түзүп калышты. Көрсө, антикоррупциялык эсепти толтуруш керек экен. Албетте, алар камакта отургусу келбегендиктен, андай актыга кол коюп беришет. Мындан улам антикоррупциялык эсеп сотсуз эле толукталып жатат.
Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Кыргызстанда ушундай адат көнүмүшкө айланганын белгиледи.
«Укуктук мамлекетте мындай жосундар орун албашы шарт. Экономикалык кылмышына шектелген адамдарды дароо эле камакка албай, аларды күрөө алуу же эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкат алуу жолу менен койо бериш керек. Убактылуу камак жайларын кармоого жылына 100 млн сом жумшалса, ал эми УКМКнын убактылуу камак жайына 200 млн сом жумшалат. Демек, убактылуу камак жайларын жөнү жок эле толтуруп алып, ашыкча каражат берүүнүн эч кандай деле зарылдыгы жок», - деди депутат.