Бүгүн, 30-октябрда Икрамжан Илмияновго Октябрь райондук соту өкүм чыгарды. Ага сот процессинде акыркы сөз берилди.
Мурдагы кеңешчи өзүнө жабылып жаткан бардык айыптар негизсиз экенин билдирди. Ошондуктан ал соттон акыйкат чечим чыгаруусун өтүндү.
Бирок айыпталуучунун акыркы сөзүнөн кийин сот кеңешме бөлмөсүнө кирип чыккандан кийин Илмияновду 7 жылга эркинен ажыратуу, үй-мүлкүн конфискациялоо жана 1600 сом өлчөмүндөгү айып төлөтүү өкүмүн жарыялады.
Илмиянов бир компанияга козголгон кылмыш ишин жабуу максатында 150 миң доллар пара алган деп айыпталган.