Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылды. Өкүм Октябрь райондук соту тарабынан чыгарылды. 

 

Маалыматка караганда Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылып, 1 600 сом айыппул салынган жана үй-мүлкү конфискацияланат. 

 

Тергөө абагында өткөргөн ар бир күнү эки күнгө эсептелинди. 

 

Эске салсак Икрамжан Илмиянов бир компанияга байланышкан кылмыш ишин оң жагына чечүү үчүн 150 миң доллар пара алган деп айыпталган.