Депутат Кожобек Рыспаевдин туугандары сыркоолоп калып, алар менен кошо он күндөп эл өкүлү ооруканалап жүргөн. Мына ошондо гана карапайым эл кайрылган ооруканалардын абалы эл өкүлүнө жетиптир.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев ооруканалардын кейиштүү акыбалы тууралуу теманы көтөрдү. Ошондой эле кесиптештерине ооруканаларга барып акыбалы менен таанышып кайтууну сунуштады.
"Ооруканалардын абалын бир байкап көрсөңөр. Ыйлай турган абалда турушат. Премьер-министр жана депутаттар болуп ооруканаларды кыдырып чыгыш керек. Маселелер менен жеринде таанышып эмне кылуу керектигин чечишибиз керек", - деди Рыспаев.
Айтымында кардиологиялык оорукана менен госпиталдын акыбалы өтө начар. Ошондй эле депутаттын көзүнө ымыркайлар төртөө бир керебетте жатканы да чалдыккан. А оорукананын короосунда 25 чакты ата-эне ыйлап отурушкан. Шашылыш операция өткөрөт, дагы төрт оорулуу кезекте турушат. А лифт болсо иштебейт.