Депутат Аида Касымалиеваны Кыргызстан тышкы карыздагы каржылык милдеттенмелерин төлөй албай калса кандай жагдайга кириптер болоору кызыктырды.
Эске салсак Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттинде «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
"Өлкөнүн тышкы карызын төлөө механизмдери боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат? Кыргызстан каржылык милдеттенмелерин аткара албай калса эмне болот?", - деди депутат тынчсызданып.
Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында мамлекеттин тышкы карызынын негизги көлөмү 2025-жылга жана карызды төлөөнүн эӊ жогорку чеги 2028-жылга туш болот.
Экономика министри Санжар Муканбетовдун айтымында бүгүнкү күндө ИДПга карата өлкө карызынын деӊгээли 48%ды түзөт. Ал бул көрсөткүч 80%га жетсе өтө кооптуу деп эсептелинет.
Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстан тышкы карыздарын жерлери менен төлөбөстүгүн ишендирип өттү.
«Кыргызстан Өкмөтү бул маселе боюнча так жооп берди»,- деди ал.
Акыркы учурда коомчулукта Кыргызстандын Кытайга болгон карызына тынчсыздангандар көбөйдү. Кыргызстандын тышкы карызынын көп бөлүгү Кытайга таандык экенин белгилеген айрымдар бул карыз кыргыз жеринин кытайга өтүшү менен коштолоорун да божомолдошууда.