Кыргызстандын жараны Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалып, ушул убакка чейин өз олкөсүнө кайтарылбай жатат. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Айтымында ал тургундун жакындары депутатка кайрылышкан. 

 

"Ак-Сай айылынын тургуну Асылбек Каримов чек ара режимин бузган деп кармалыптыр. Ушул убакка чейин кайтарылбай жатат. Мага анын туугандары кайрылышты. Ал жерде эч кандай чек ара жок. ТИМ менен чек ара кызматына тапшырма бергиле, жаран мекенине кайтарылсын. Акыркы учурларда ушундай окуялар көбөйдү. Жергиликтүү эл менен жергиликтүү бийлик ортосунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек", - деди депутат. 

 

Белгилей кетсек ушул жылдын тогуз айында кыргыз-тажик чек арасында 10дон ашуун жаңжал орун алган. Анын төртөөсүндө курал колдонулуп жарандар каза табышкан. Бул чек арада 405 чакырым аймак тактала элек.